www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөргө ар кайсы жагынан жерлерди алып кошуп алышкан”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“Мен 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутат болгом. Аскар Акаев президент болуп турганда 10 миң 70 гектар жерди берип коюшкан да. Анан мен Кумтөргө баргам. Ошондо ар кайсы жагынан жерди алып кошуп алышкан экен. Мисалы, карапайым эл бир метр жерди алып алса, кошунасын баш кылып өкмөт текшерип, аябай ит кылат. 16 миң 330 гектар жерди алып алышкан. Ошого 16 тыйын дагы салык төлөшкөн эмес. Азыркы депуттардан түзүлгөн комиссияга сиздердин маалымат агенттик аркылуу айтып, эскертип кетейин. Дагы коррупцияга баратышат. Ошол Кумтөрдүн компаниясында кыргыз жарандары бар. Алардын алган айлык маянасы 20 миң доллар. Бир дагы кыргыздын намысын коргоп, эмнеге бул маселени көтөрүп коюшпайт? Бул эмне деген жорук? Ал эми өкмөт аябай начар иштеп жатат. Парламенттик мамлекетте жашайбыз. Же жакшы жыйынтык жок. Бюджетке канчалаган акчалар толбой калды? Ушулар мени кыжырлантат”, - деп билдирди экс-депутат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости