www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жетим-Тоо кени боюнча жалган маалымат таратууга шектелип кармалган 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдирди.

Соттун чечими менен Жекшеналиев 2022-жылдын 14-октябрына чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилди.

19 жаштагы блогер 15-августта кармалган. Милиция ал социалдык тармактагы баракчасына такталбаган жалган маалыматты атайын таратып, элдин башын айландырып жатат деген.

Жекшеналиевге карата ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандык") 3-бөлүгү менен иш козголгону белгиленген. Ал бөлүк "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" деп аталат. Мындай берене менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости