www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров маалымдады.

Анын айтымында, Бейшеналиев кайрадан cаламаттык сактоо министри болууга толук укуктуу.

"Укук коргоо органдары Бейшеналиевдин иш-аракетинен кылмыштын курамын таба алган жок. Тергөө COVID-19 вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер ошол кездеги өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалдан улам министрлер кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде кабыл алынганын эске алып ушундай тыянакка келген. Ошондой эле ички аудиттин материалдарына ылайык, мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эмес жана бүгүнкү күндө өлкө эли COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалган. Мындан тышкары, “COVID-19 өзгөчө кырдаалдар долбоорун кошумча каржылоо" долбоорунун алкагында өкмөт короткон чыгымды, тагыраагы, 13 454 000 доллардын ордун 2021-жылы Дүйнөлүк банк толтурган", — деген Абакиров.

Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармап, ага жети кылмыш ишин козгогон. Министр бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп колго түшүрүлгөн. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат.

Кийинчерээк мамлекет башчы Жапаров Зулушевди Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон. Эки саясатчынын чатагынын төркүнүн биздин материалдан окуңуз.

14 күндөн кийин Бейшеналиев үй камагына чыгып, Зулушев кызматына кайткан. Ал арада президент атайын комиссия түзүп, бул жагдайды иликтеткен. 16-июнда аталган комиссия өз ишин жыйынтыктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости