www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1978-жылы курулган эски автобаза жаңыланууда

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасына барып, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы алынган атайын техникалар менен таанышты.

Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган. Учурда объектте кеңири масштабдагы жаңылоо жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, Курулуштагы инженердик изилдөөлөр боюнча Кыргыз башкы институту (КыргызГИИЗ) 1975-жылы түзүлүп, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы токтому менен Инженердик изилдөөлөр департаменти болуп кайра уюштурулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр Нурдан Орунтаев инженердик изилдөөлөрдүн сапаты өлкөдөгү курулуш объекттеринин коопсуздугу үчүн маанилүү экенин белгилеп, кызматкерлерди мыйзамдуулукту, жоопкерчиликти жана ачык-айкындуулукту сактоого чакырды.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан зарыл шарттар түзүлүп жаткандыктан, ар бир кызматкер өз ишине ак ниет жана жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек.

Министрликтин маалыматына ылайык, департамент Курулуш министрлигинин курамына киргенден бери мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлер үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында департаменттин башкы кеңсеси соңку 50 жыл ичинде биринчи жолу 2025-жылы толук капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

Учурда ушул сыяктуу жаңылоо иштери автобазада да улантылып, бардык оңдоо жана калыбына келтирүү иштери ички ресурстардын эсебинен аткарылып жатканы белгиленди.

Последние новости