www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызгидромет агенттиги алдыда аптага карата аба ырайынын божомолун айтты.
Бишкек шаарында 21инен 25-июнга чейин күн ачык болот. 23-июнда шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге жетет.
Өлкөнүн башка аймактарында 23-июнга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 24-25-июнь күндөрү Чүй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Баткен облусунда да аба ырайы бузулбайт.
Ал эми Ысык-Көл менен Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшө турганы айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
26-июнда абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт, бирок 27-июнда абанын күндүзгү температурасы бир аз төмөндөйт.
Булак: NazarNews.kg