www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинанын азыр сүйлөшүү жүргүзө турган эч кимисит жок, ошондуктан бийликтин жаңы вертикалын түзүү керек деген пикирин билдирди. Тиешелүү кайрылууну ал өзүнүн Telegram-каналында жарыялады.

«Облустун убактылуу милдетин аткаруучуну дайындаңыз, ошондон кийин бизде Чечен Республикасындагыдай эле бийлик бутактары түзүлө баштайт. Элден сураңыз, алар эмнени каалайт, кандай жашагысы келет, алардын негизги көйгөйлөрү эмнеде», - деди ал.

Анын айтымында, Украинада бийликтин вертикалы жок жана сүйлөшүүгө эч кими жок.

«Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек, Донецк менен Лугансктан аскерлерди чыгарып кетүү керек деген сөздөрдү түшүнбөйм. Украинада бийлик бар дегендей. Ал жакта бийлик вертикалы, президент, жогорку командачы жок. Ал жерде бандиттик топ бар», - деди ал.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости