www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Украинага аскер жөнөтөбү?

АКШ президенти Жо Байдендин баштапкыдай эле Украинага Американын аскерлерин жөнөтүү ниети жок. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү Жен Псаки билдиргенин РИА Новости жазды.

"Өлкө башчы жана анын администрациясы мурдагыдай эле Россия менен согуш жүргүзүүгө аскер жөнөтүү планы жок. Ал муну америкалыктардын же эл аралык коопсуздуктун кызыкчылыгына туура келет деп эсептебейт", — деген Псаки.

Ал Демократиялык партиянын мүчөсү Крис Кунстун "Вашингтон Украинага аскер жөнөтүү маселесин карашы керек" деген билдирүүсү боюнча комментарий берген. Ак үйдүн өкүлү Байден сенатор менен достук мамиледе экенин, бирок анын бул пикирине кошулбай турганын айткан.

"Биз тарыхта болуп көрбөгөндөй ири коргонуу жардамын көрсөтүүгө басым жасайбыз", — деген Псаки.

Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости