www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2-3 жумадан кийин бензиндин баасы 7-8 сомго, дизелдин баасы 12,5 сомго көтөрүлөт. Ири компаниялар мындан ары төмөн бааны кармап тура албайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.

«Азыр биз бензинди өз наркынан төмөн баада сатып жатабыз. Мисалы, дизелдин өз наркы 65 сом болсо, май куюучу жайларда 53 сомдон сатылууда. Ири компаниялар узакка чейин минтип иштей алышпайт. Буга чейин Россиядан күйүүчү май көп көлөмдө алынып келчү. Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер күйүүчү майды көп көлөмдө сатып ала албайт, ошондуктан күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөө кыйын болууда. Азыркы учурда биз импортко аябай көз карандыбыз.

Орто жана кичи компаниялар күйүүчү майды өз алдынча Кыргызстанга алып келе албай калды. Ошондуктан ири компанияларга күч келүүдө. Кичи компаниялар жабылууда, көптөгөн май куюучу жайлар иштебей турат. Дизелдин жетишсиздиги аябай сезилүүдө», - деди Эшатов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости