www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Шайлоодон кийин эч кандай митинг болбойт", - деди бүгүн, 17-ноябрда NazarNews маалымат агенттигине Коррупцияга каршы көзөмөл кыймылынын төрагасы Камил Умаров.
“Быйылкы шайлоо нормалдуу өтөт. Эгерде өкмөт башчысы башка жетекчилер өзүнүн кызматтык абылынан пайдаланбаса, мыйзамды бузбаса шайлоо тынч болот. Шайлоодон кийин митинг болбойт. Анткени, азыркы шайлоого карата кырдаалдар жакшы эле.
Тилекке каршы, айрым партиялар адаттагыдай үйрөнүп калган кадамдарына барып жибергени эле болбосо, бул жолкуу шайлоонун жүрүшү өз орду менен бара жатат”, - деди Умаров.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген.
Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.
Эске салсак, мурунку парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, аягы өлкөдө бийлик алмашуу менен аяктаган.
Булак: NazarNews.kg