www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу “24 kg” жазып чыкты. Маалыматка таянсак, эки жашар Ибрагимге зомбулук көрсөткөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган агасынын иши кайра каралат. Ибрагимдин адвокаттын айтымында, Жаныбек Тулебеков менен Айзада Аккозованын иши адвокаттарынын арыздануусунан кийин кайра кароого жөнөтүлгөн. Бул ишти бүгүн 9-июнда Чүй облустук соту карайт.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Ибрагим оор жаракат менен Бишкек шаарындагы № 3 балдар оорууканасына түшүп, бир нече күн комада жаткан. Баланын ата-энеси ажырашып, ал атасынын агасынын үйүндө жашап жаткандыгы аныкталган. Туугандары Ибрагимди такай сабап келишкен. Соттук медициналык экспертиза баланын зордукталганын дагы тастыкталган. Аны ушундай абалга жеткирген туугандарынын жазага тартылышын эл талап кылган.

Аламүдүн райондук соттун чечими менен ата-энелик милдетин так аткарбаган атасы эки жылга, жеңеси Айзада Аккозова 15 жылга, агасы Жаныбек Тулебеков өмүр бою эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости