www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26 жаштагы Эбби Бекли мындан эки жыл илгери балык уулап отуруп, көзүнөн кокусунан 1,3 сантиметр өлчөмүндөгү тунук курттарды таап алган.

Окумуштуулар мурда жаныбарларда кездешкен Thelazia gulosa деп аталган мите курттар кишинин органдарына кирип, зыянын тийгизерин айтышты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Макалада америкалык 26 жаштагы кыз Эбби Бекли мындан эки жыл илгери балык уулап отуруп, көзүнөн кокусунан 1,3 сантиметрлик тунук курттарды таап алгандыгы айтылган. Кийин кыздын башы басылбай ооруп, дарыгерлер 20 күн аралыгында кыздын көзүнөн жогорудагыдай 14 куртту алып чыгышкан.

Макалада эгер мындай курттар адамдын көзүнө түшүп, көбүрөөк убакыт жашап калса, көрүүгө доо кетире тургандыгы айтылган. Анткен менен Эбби Бекли мите курттарды алып салгандан кийин көзү оорубай калгандыгын билдирген.

Кийинчерээк АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборунун адистери бул курттар мурда мышык, ит, түлкү жана мүйүздүү ири малда кездешкендигин маалымдады. Изилдөөчүлөр мите малдын таноосунан, оозунан чыккын суюктуктар жана чылпак менен тамактанган чымын аркылуу кыздын көзүнө түшүп калышы мүмкүн деген божомолун айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости