www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаменти Аккент кичирайонунда өрт чыкканда бешинчи кабаттын терезесинен секирип кетип каза тапкан аялдын өлүмү боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Адистердин айтымында, маркум аял болгону 20 секунд күтсө аман калмак.

"Ал секиргенден 20-30 секунддан кийин эле өрт өчүрүүчүлөр батирге киришкен. Биз ыкчам иштөөгө аракет кылдык. Сабырдуулукту сактап, жардам күтүү керек болчу", - деп түшүндүрдү Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу Ерлан Алибеков.

Ал белгилегендей, өрт учурунда терезеден секирген тургундар тынчтыкты сактап, өрт өчүрүүчүлөрдү күтүшү керек болчу.

"Терезеден секирген адамдар ката кетиришти. Тынчыкты сактап, бирок кечээ дагы өрт чыккан жерде абдан катуу дүрбөлөң болду. Тургундар балконго чыгып, эшикти жаап туруш керек болчу. Өрт өчүрүүчүлөрдүн келишин күтүүгө бир аз таза аба агымы жетиштүү болмок", - деген Алибеков.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, өрт кырсыгынан 80 адам куткарылган, алардын 16сы балдар, өрт өчүрүүчүлөр аларды колдоруна көтөрүп алып чыгышкан.

"Азыр электр зымдары күйгөн имараттын электр жарыгын калыбына келтирүү маселеси чечилүүдө. Суу өчүрүлгөн эмес, бирок турак жайдан өрттүн жыты кетиши үчүн убакыт керек", - деп кошумчалайт Алибеков.

Белгилей кетсек, Аккент кичирайонундагы өрт кырсыгынан 43 адам жабыркаган. Төрт бала жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы төртөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Үч баланын ата-энеси ооруканага жаткыруудан баш тартышкан.

12 чоң бейтап шаардык көп тармактуу ооруканаларга жеткирилип, алардын бешөө ооруканага жаткырылды. Калгандарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук байкоого жөнөтүлдү.

Калгандарынын абалы туруктуу. 

Эске салсак, 1-августта Алматыда 16 кабаттуу үйдөн өрт чыккан: адамдар качып кетүү үчүн өрттөнүп жаткан көп кабаттуу үйдүн терезелеринен секирип кетүүгө аргасыз болушкан.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости