www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 20 жолу бычакталып каза болгон келиндин жолдошу 15 жылга эркинен ажыратылып, 1 миллион сом моралдык залал үчүн, 96 миң сом материалдык чыгым үчүн айып өндүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Бишкектин Ленин райондук соту 27 жаштагы Айгерим Нурланбекованын өлүмүнө байланыштуу жолдошун күнөлүү деп таап, ага карата мүлкүн конфискациялоосуз 15 жыл мөөнөткө эркиндигинен ажыраткан. 

«Ага жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөсү белгиленди. Шектүүгө карата колдонулган камакта болуу түрү — өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин Жаза-аткаруу кызматынын №1-тергөө изоляторунда кармалсын деген чечим чыгарылды», — деп жазылат маалыматта.

2024-жылдын ноябрь айында Бишкекте 27 жаштагы Айгерим Нурланбекова 20 жолу бычак жеп, алган жаратынан каза болгон. Шектүү катары жолдошу кармалган.

Буга чейин шектүүнүн атасы каза болгонун кудасы, Айгеримдин атасы 5-февралдагы кызынын өлүмү боюнча каралып жаткан соттун биринчи отурумунан кийин журналисттерге айткан.

Последние новости