www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

200 миң доллар опузалайм деп оңкосунан түштү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси Талантбек Мамытов 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн кармалган. Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда ал эки айга камалды.

Талантбек Мамытов көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси - "опузалап талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган кызматкер А.П.Н. жана А.А.Н. аттуу жарандар менен бирге көмүр казган ишкананын ишмердигине тоскоолдук жаратам деп, анын директорунан акча талап кылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости