www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ХАМАСтын барымтасынан дагы 17 киши бошотулду. 25-ноябрда ХАМАС 17 туткунду, Израил 39 палестинди бошоткон. Ал эми 24-ноябрда макулдашуу күчүнө киргенде барымтадан 25 туткун бошотулуп, Израил абактан чыккан 39 палестинди Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берди. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда Газа секторуна ири көлөмдөгү гуманитардык жардам жеткирилди.Оор жүк ташуучу 200 унаа 24-ноябрда жөнөтүлүп, 25-ноябрда Египет-Газа чек арасындагы Рафах бекети аркылуу секторго кирген. Газага негизинен 129 миң литр күйүүчү май, 4 цистерна жаратылыш газы, азык-түлүк, тамак-аш, таза суу, дары-дармек жеткирилген. Аны менен катар оор абалда жаткан 20дан ашуун бейтап Газанын түндүгүнөн коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Жүздөгөн-миңдеген адамга ар кандай жардам көрсөтүлгөн. Булардан тышкары «Аш-Шифа» ооруканасына 11 «Тез жардам» унаасы, 3 автобус, бир чакан жүк ташуучу унаа берилген.
Египет, Катар, АКШ мамлекеттеринин ортомчулугу астында Израил менен ХАМАС 22-ноябрда согушту 96 саатка токтотууга макулдашып, тынчтык келишим 24-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7:00дө күчүнө кирген. Бул согуш башталган 7-октябрдан берки ири элдешүү болуп саналат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg