www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларга жана аймактын конокторуна Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолу боюнча маанилүү маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, жол 2026-жылдын 1-июнунан тартып үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин убактылуу пайдаланууга берилген. Чечим туристтик сезондо негизги трассалардагы тыгындарды азайтуу жана жарандардын жүрүп-туруу шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.
Унаалар жол аркылуу күн сайын саат 06:00дөн 20:00гө чейин каттай алышат. Ал эми саат 20:00дөн 06:00гө чейин жол жабык болот.
Учурда трассанын айрым кооптуу тилкелеринде көпүрөлөрдү куруу, ошондой эле таш жана кар көчкүлөрүнөн коргоочу объектилерди куруу иштери уланууда.
Буга байланыштуу ЖКККБ айдоочуларды сапарды алдын ала пландап, жолдун жабылуу убактысын эске алууга, жол кыймылынын эрежелерин жана жол белгилеринин талаптарын так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана өзгөчө этият болууга чакырды.