www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусундагы «Жер Үй» алтын кен комбинатынын вахталык шаарчасында курулуп жаткан административдик-тиричилик корпусу жана 224 орундуу жатакананын курулушуна мониторинг жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мониторинг министрликтин буйругунун негизинде Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.
Текшерүүнүн негизги максаты курулуш, архитектура жана шаар куруу жаатындагы мыйзам талаптарынын, техникалык регламенттердин жана курулуш нормаларынын сакталышын, ошондой эле курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын баалоо болду.
Мониторингдин жүрүшүндө автордук жана техникалык көзөмөл өкүлдөрүнүн катышуусунда курулуштун экинчи этабы боюнча этаптык кабыл алуу иштери каралып, аткарылып жаткан иштердин долбоордук документтерге шайкештиги, аткаруу-техникалык документациянын толуктугу, курулуш материалдарынын сапаты жана конструктивдик элементтердин аткарылышы текшерилди.
Жыйынтыгында подряддык уюмга курулуш иштеринин сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүү, этаптык кабыл алуу иштерин талаптарга ылайык уюштуруу жана курулуш материалдарын лабораториялык текшерүүдөн өз убагында өткөрүү боюнча сунуштар берилди.