www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Өзбекстанда 200гө жакын жүргүнчүгө Москва жана Санкт-Петербург шаарларына жалган авиабилеттер сатылганы белгилүү болду.

Uzbekistan Airports компаниясынын маалыматына караганда, жүргүнчүлөр Навои шаарындагы аэропортко дүйшөмбү күнү түштөн кийин келе башташкан. Бирок аткарыла турган каттамдардын тизмесинде билетте көрсөтүлгөн каттам жок болуп чыккан.

"Жүргүнчүлөрдүн айтымында, алар авиабилеттерди "Чыгыш Бухара" компаниясынын Самарканд, Бухара жана Ургенч шаарларындагы түрдүү филиалдарынан алышкан", – деп билдиришти Uzbekistan Airports компаниясынан.

Навои аэропортунун кызматкерлери бул көрүнүштү жүргүнчүлөргө түшүндүрүп берүү талабы менен билеттерди саткан авиакомпанияга кайрылган. Алар бардык жүргүнчүлөргө акчасы кайтарылып бериле турганын убадалашкан.

Бир канча күн мурда Ургенч аэропортунда да жүргүнчүлөргө жалган авиабилеттер сатылганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости