www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык милициясы борбор калаадагы соода борборлорунун биринин алдында күйөөсү аялын сабаган делген окуя боюнча тергөө баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт. Расмий маалыматка караганда, факт Кылмыш кодексинин 266-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталды.

Буга чейин эркек киши аялды башы менен сүзүп, сабаганы тартылган видео социалдык трамактарга тараган. Окуя 8-ноябрда күндүзгү саат экиге жакын Бишкектеги соода борборлорунун автоунаа токтотоочу жайында болгонун күбөлөр жазган.

Милиция - алар жубайлар экенин, учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирет. Коомдук жайда аялына кол көтөрүп, зомбулук көрсөткөн учурлар буга чейин дагы кездешкен.

Эске сала кетсек, 25-октябрда социалдык тармактарда "Таш Рабат" соода борборунда күйөөсү аялын сабаганы тууралуу видео тарап, талкуу жараткан. Кийин бул боюнча милицияга арыз түшкөнү белгилүү болгон. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, 25-октябрда "Таш Рабат" соода борборунда аялын сабаган Т.А. атуу 27 жаштагы жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенин билдирген.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук факты катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости