www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-мэр азыркы учурда «Ынтымак» партиясынан депутаттыкка талапкер Балбак Түлөбаев карантинде гумжардамга келген азык-түлүктү элге беримиш болуп дүкөндөрдөн саттыра баштаган соң, Бишкек «бөө» шаарга айланган. Андан соң ал Бишкекке жарым жылдай мэр болду. Иш ордунан жылбай, «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей, Бишкектин аты маалымат беттеринде угула баштады. Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюмунун иликтөөсүндө Бишкек шаары абанын булганышы боюнча такай биринчи орунга чыгып калат. Маалыматта - баш калаадагы абалга кооптуу деген баа берилген.
Баш калаанын үстүн каптаган ышты быйыл токтотууга мүмкүн эмес, ал үчүн кийинки жылы Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен эмес, газ менен иштетүүгө өтүш керек. Бишкек дүйнө жүзү боюнча кара түтүн каптаган, абасы булганган шаарлардын сап башына чыгып жатат. Эми ошол кара түтүндөн арыла албай, оору күчөп жаткан чакта, элдин саламаттыгына каршы дагы бир зыяндуу долбоорду тымызын өткөргөнү жатышат.
Ышты азайтыш үчүн эң ириде көмүрдүн ордуна газ жагыш керек. Акырындык менен Бишкек ТЭЦин жана баш калаанын 22 отказанын, мектептерди газ менен жылытууга өтүшүбүз керек. Ошондо гана ышты азайта алабыз. Бирок азыркы убакта эч нерсе кыла албайбыз. Азыркы учурда ТЭЦти да, Кара-Кечеден көмүр алууну да токтото албайбыз.
Мөөнөтү бүтсө да өжөрлүк менен иштеп жаткан парламент тарабынан Бажы биримдигинин бензин менен дизелдик отундун сапатын көзөмөлдөгөн техникалык регламентинин өлкө аймагында күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу демилгеленди. Парламент Кыргызстаныбыз сапаты өтө начар бензинди колдонууну улантып, «таштанды талаасы» бойдон калышын жактап жаткандай.
Долбоор кабыл алынса, төмөнкү сапаттагы К3 бензинин жана дизелдик отунду колдонууну уланта беребиз. Аларда абаны булгаган зыяндуу заттар абдан көп. Эгер өкмөт начар сапаттагы күйүүчү отунду сырттан ташып келүүгө жана өлкөнүн ичинде өндүрүүгө тыюу салса, абанын булганышы бир топ азаймак. Дүйнө жүзү боюнча К4 жана К5 сапаттагы бензин (Евро 4 жана Евро 5тин аналогу) колдонууга ылайыктуу деп эсептелет. Бирок мыйзам долбоору өтүп кетсе, андай сапаттуу бензин бизде 2023-жылдан гана сатыла баштайт.
Анда да техрегламентти киргизүүнү дагы жылдырып салышпаса эле. Ага чейин кара түтүндөн арылбай тумчуга беребиз, анткени биз сапатсыз бензинге тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбооруна өкмөт эмгиче бүтүмүн бере элек. Экс-мэр Балбак Түлөбаев ыш Кара-Кеченин сапатсыз көмүрүн жагуудан улам көбөйүп жатканын белгилеп, кийинки жылдары жаңы конуштарда да бул кендин көмүрүн жагууга тыюу салынаарын билдирген.
Деги Бишкекти каптаган ышты жок кылуунун жолу барбы? Бишкекте масштабдуу жашылдандыруу болуш керек. Союз убагында Бишкек жашыл шаар деп аталчу, ал эми Бакиевдин заманында 2008-жылы Нариман Түлеев мэр болуп турганда 300 миңден 500 миңге чейин бак-дарак тигилген. Азыр алардын санын 1 миллионго жеткиришибиз зарыл. Муну горизонталдуу жашылдандыруу деп коет.
Мындан тышкары, вертикалдуу жашылдандыруу бар. Финляндия сыяктуу суук мамлекеттерде да вертикалдуу жашылдандыруу бар, андай болгондо кышында да шаар жапжашыл болуп, өсүмдүктөр кислород берет. Экинчиден, Орусия менен бир келишимге келип, газдын баасын ылдыйлатып, ТЭЦти мазут менен газга тез арада өткөрүшүбүз керек. Бул маселени чечүү шаардын колунан келет. Эгерде кымбат боло турган болсо, дотация бериш керек. Мурда ушундай учур болгон, 2008-2009-жылдары тариф көтөрүлүп, Бишкекке 350 миллион сом дотация катарында берилген.
Мындан тышкары, катализатору жок машиналарды Кыргызстанга киргизбешибиз керек. Азыр жеке үйлөрдүн бардыгы көмүр жагып жатпайбы, “Кыргызгаз” ушул багытта катуу иштеп, мындай үйлөрдүн бардыгын газга өткөрүшү зарыл. Ушул маселелер чечилсе эле ыш жок болот. Бишкектин булганышы боюнча маселе оор, аны бүгүнкү мэр Айбек Жунушалиев ойлонобу же шайлоону ойлоп жатабы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg