www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын 2019-жылга карата акыркы отчетторунда маалымдалгандай, түрмөдө отурган Бахадыр Ж. узакка созулган оорудан кийин каза болгон. Укук коргоочулардын айтымында, ал адамдын ден-соолугу “шарты начар абактан улам” начарлап кеткен. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 2010-жылдын 29-октябрында Кара-Суу райондук соту аны 25 жылга эркинен ажыраткан.
Соттун аныктамасына ылайык, Бахадыр Ж. жана башкалар Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысын жана анын айдоочусу, милициянын улук кызматкери У. Шамурзаевди өлтүргөн деп соттолгон.
Жаңы күчүнө кирген кылмыш мыйзамына жана Жогорку Соттун 2019-жылдын 14-февралындагы чечимине ылайык үч инстанциянын жазалары өзгөртүлгөн. Бахадыр Ж.ны жазасы 18 жылга чейин кыскартылган. Ал эми калганы өзгөрүүсүз калган.
Соттолгон адам Петровка айылындагы №8 мекемеде жазасын өтөп жаткан. Бахадыр Ж. 2020-жылы 4-январда жүрөк оорусунан жана кант диабетинен көз жумган.
Эске сала кетсек, 2010-жылы 13-июнда Ош облусундагы улуттар аралык кагылыштын учурунда Кара-Суу районунун милициясынын начальниги Адылбек Султанов өзүнүн шоопуру, милициянын улук кызматкери Уран Шамурзаев экөөсү милициянын “Жигули” үлгүсүндөгү унаасы менен ошол эле райондун Нариман айылына сүйлөшүүлөргө барышканда кокустан кол салган 5 жаран аларды мууздап салышкан. Андан кийин кылмышкерлер Адылбек Султановду өрттөп, Уран Шамурзаевдин башын кесип алып сууга ыргытып жиберишкен. Бул кылмыш боюнча 5 жаран кармалып, эң оор жазалар менен соттолгон.
Булак: NazarNews.kg