www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 493,3 млрд сомду түзүп, өлкө экономикасынын өсүшү 4,5 % түздү. Бул туурасында бүгүн, 22-февралда, өлкөнүн 2017-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинин жүрүшүндө маалым болду,-деп билдирет өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү.

Баяндама менен чыккан экономика министри Артем Новиков билдиргендей, экономиканын бардык тарамактары тарабынан экономикалык өсүш камсыздалган, анын ичинде: айыл чарбада өсүү көлөмү – 2,2 %, курулушта – 7,1 %, тейлөө тармагындагы өсүш 2,1 % барабар болгон.

«Негизги өсүш өнөр жай секторунда орун алып, анда негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу, металлургиялык рудаларды казуунун жогорку көрсөткүчү, электр энергиясын өндүрүүнүн, аны жеткирүү жана бөлүштүрүүнүн жогорулашы эсебинен 11,8 % реалдуу өсүү темпи орун алган», – деди ал.

Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, тышкы экономикалык ишмердүүлүктө оңдуу тенденциялар сакталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости