www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Северэлектро” ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы  биринчи июнь айына 572,7 млн. сомду түздү. Май айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон  дебитордук карызын 114,7 млн. сомго же 20 % төмөндөтүштү. Бул тууралуу маалыматты “Түндүкэлектр” ААК Басма сөз кызматы билдирди. 

Анын ичинен энергетиктер алдындагы карызын калк категориясы 78,6 млн.сомго же 23%;

башка керектөөчүлөр  - 15,9 млн. сомго же 18,1 %

бюджеттик уюмдар – 13,9 млн.сомго же 15,6 %

өндүрүш абоненттери – 5,9 млн.сомго же 12 %

айыл-чарба керектөөчүлөрү- 0,4 млн.сомго же 8,5 % азайткан.

Дебитордук карыздын төмөндөшү “Северэлектро” ААК тейлеген бардык аймактарда байкалууда. Тактап айтсак, бишкектиктер керектелген электр энергияга болгон карыздарын 64,6 млн. сомго же (28,9 % га) азайтышты;

Чүй облусунун керектөөчүлөрү энергетиктерге болгон карыздарын 40,4 млн. сомго же (15,4%) га төмөндөтүштү;

Талас облусунун тургундары дебитордук карызын 9,7 млн. сомго же 11,2 % төмөндөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости