www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылга Чыгыш гороскобу

Гезитибиздин өткөн сандарында жылдыз белгилери боюнча келаткан жылдын гороскобун берген элек. Бул жолу Чыгыш гороскобуна көңүлүңүздөрдү бурабыз. Ит жылы ээлик кылып турган жылы эмне кылып, эмне кылбашыңыз керектиги тууралуу божомолдорду билип алып, ошого жараша иш кылсаңыз ашыкчалык кылбас.

Чычкан (1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008...)

Чычкан жылында төрөлгөндөр үчүн жаңырган жыл карама-каршылыктарды чечүү менен башталат. Аларды чечүүдө айрыкча аял-чычкандар өзүнүн алсыз экенин сезишет. Бирок жайга барып абал жөнгө салынат, кыйын кырдаалга туш келгендер андан чыгуунун жолун табышат. Жылдын биринчи жарымында акчаңызга сак болуңуз. Эч кимге карызга акча бербей эле койгонуңуз жөн, эгер берсеңиз кийин өндүрө албай кыйналасыз. Ошондой эле күмөн туудурган иштерге акча сарптабай эле коюу сунушталат. Чычкандар оор учурдан өтүп алышса, күзгө барып каржы жаатында да, жеке жашоосунда да туруктуулук байкалат.

Уй (1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009...)

2018-жылдын башталышы жетекчилик кызматты ээлегендер жана каны кызуу Уйлар үчүн оор болот. Адилеттүүлүктү, ишенимдүүлүктү сүйгөн Ит өзүнүкүнөн башканы туура деп эсептебеген адамдардын өзүн колго алып, кемчиликтерин оңдоосун каалайт. Эгер оңдобосо, алар ар кандай татаал кырдаалдарга туш болушат. Май айына барып өзүнүн мурунку аброюн кайтарып алышып, андан ары алдыга жыла башташат.

Жолборс (1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010...)

Жолборстор үчүн бул жыл бир аз токтоп, өзүнүн жашоосу жана келечегин ойлонуу учуру болмокчу. Айланасындагылар Жолбостордун оор басырыктуу, жоош, ойчул болуп өзгөргөнүнө таң калышат. Бирок анын мындай абалы бир нече айга гана созулат да, андан кийин “ойгонуп”, анын тынч абалы тез жана чечкиндүү аракеттерге алмашат. Көп Жолборстор өзүнүн мыкты кесипкөй экенин далилдешет жана туугандарынын, жакындарынын арасында авторитетке ээ болот. Бирок жылдын аягында эмоционалдык жана физикалык чыңалуулардан улам өзүн жаман сезүүсү мүмкүн.

Коён (1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011...)

Чыгыш календары боюнча 2018-жылдын гороскобу Коён жылында туулгандардын көпчүлүгүнө кубаныч тартуулайт. Алар үчүн бул жакшы жылдардан болот. Тынымсыз бир нерселер менен убара болуп кыймыл-аракетте жүргөн Коёндор ушул жылы эс алышат. Жылдын экинчи жарымынан баштап үйүндө тиричилик техникаларына байланышкан маселелер орун алат. Аларды жолго коюуга аз эле убакыт кетет. Келаткан жылы Коёндорду ойлонткон жалгыз нерсе – алардын ден соолугу. Айрыкча бул эркектерге тиешелүү. Алар үшүп калуудан абайлашы керек.

Ажыдаар (1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012...)

Ажыдаар жылында төрөлгөндөр үчүн 2018-жыл окуяларга жана эмоцияларга бай жыл болот. Кыйынчылыктар да орун алат. Жакын туугандардын бири жагымсыз жана татаал кырдаалга туш болуп, анын маселесин чечүүгө дал ушул Ажыдаар мажбур болот. Февраль айында акча жаатында тартыштык жаралат, андыктан жылдыздар чоң буюм сатып албоого жана ашыкча чыгым кылбоону сунушташат. Ал эми апрелге жакын Ажыдаарлардын материалдык абалы жакшырат. Бул жумушунан көтөрүлүүсүнө же күтүлбөгөн жерден премия алышына байланыштуу болот.

Жылан (1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013...)

Бул белгинин ээлери кирип келаткан Ит жылында этиет болуулары керек. Кандай гана учур болбосун шашылыш чечим чыгаруулардын аягы олуттуу маселенин жаралышына алып келет. Андыктан бир иш баштоонун алдында жети өлчөп, бир кесүүлөрү зарыл. Жазында жумушунда жетекчилик менен пикир келишпестиктер болот. Бул жетекчилик берген татаал тапшырмаларды аткара албай калуудан чыгат. Жылдыздар Жыландарга берилген тапшырманы аткарууга аракет кылууну жана бир аз чыдоону сунушташат, анткени мындай учур бат эле өтүп кетет.

Жылкы (1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014...)

Жылкыларды бул жылы көптөгөн кызыктуу таанышуулар жана жагымдуу окуялар күтөт. Жазында бизнес боюнча азгырган сунуш түшөт. Баш тартпаңыз, ал сиздин материалдык абалыңызды жакшыртып, келечекте жакшы киреше булагы болуп берет. Андыктан эгерде чогулткан акчаңыз бар болсо, коркпой эле жаңы ишке жумшап көрүңүз. Күзгө жакын жашаган үйүңүздү жаңыртууну ойлонуп ири оңдоп-түзөө иштери менен алек болосуз.

Кой (1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015...)

Жаңырган жыл көптөгөн Койлор үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон жыл болушу мүмкүн. Жалгыз бой Койлор акыры өзүнүн чыныгы жана көптөн күткөн сүйүүсүн табышат. Ал эми түгөйүн тапканы менен бир чечимге келе албай жүргөндөр ушул жылы үй-бүлөлүү адам статусун алышат. Жайга жакын кызыктуу бир долбоор менен иштөө сунушу түшөт. Эгерде макул болсоңуз, бул долбоордун ишке ашышы өтө эле созулуп кетерин жылдыздар эскертет. Андыктан сунушка макул болордон мурун аягына чейин чыга аласызбы, ошону тактап алыңыз.

Маймыл (1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016...)

Маймыл жылында туулган адамдар башкалардан өзүн токтото албаган, өзүнүкүн бербеген мүнөзү менен айырмаланат. Бирок келе жаткан Ит жылында алар тизгинин тартып, эрежелерге баш ийип жашоого үйрөнө башташат. Көпчүлүк Маймылдар иш сапары менен жолдо көп жүрүүгө аргасыз болушат. Мындай иш сапарлар анын ден соолугуна зыянын тийгизбей койбойт. Жылдын ортосунда акча жаатында тартыштыктар байкала баштайт. Мындан улам кээ бир Маймылдар карыз алышат жана аны кайтарып берүү оңойго турбайт. Анткени менен чыгармачыл адамдарды ийгилик коштойт. Аларга тез-тез эргүү келип, анын айынан көп маяналуу жаңы жумуштар табылат.

Тоок (1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017...)

2018-жыл Тооктор үчүн дароо эле эмгектенүүдөн башталат. Жумуш көп болот, ошого жараша ага төлөнгөн маяна да көп болот. Дорбоорлор, тапшырмалар бүткөндө Тоок өзүнө эс алуу жарыялоосу керек. Мына ушул жерден жылдыздар ага суунун жээгинде эс алууну сунушташат. Кетирген энергиясын калыбына келтирип, ден соолугун чыңдоо үчүн суу эң жакшы. Жыл ичинде Тоокторду пайдалуу таанышуулар күтүп турат. Үй-бүлөдө эч кандай деле өзгөчө бурулуштар болбойт. Болгону өткөөл курактагы балдары менен анча-мынча түшүнбөстүктөр жаралып калышы мүмкүн.

Ит (1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018...)

Быйыл дал ушул Ит жылында туулгандардын жолу болот. Алар эмне иш кылбасын, биринчи жолкуда эле ийгиликтүү боло берет. Жумушунда карьералык тепкичи да тез жогорулайт. Бул айрыкча энергиясы ашып-ташып турган жаш адистерге тиешелүү. Маанилүүсү, ийгиликтерге башы тумандап жүргөн учурунда кесиптештеринин биринин жинине тийип албашы керек. Көпчүлүк Иттер турак жайын алмаштырууну ойлонуп, айрымдарга чоң үй салуу буюрат.

Каман (1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019...)

Камандар 2018-жылы ишке ашыра турган пландарын кайра-кайра ойлонуп, таразалап көрүүсү зарыл. Бир эле туура эмес ташталган кадам Камандын буга чейин көп жылдар бою түзгөн материалдык абалын артка тартып салышы мүмкүн. Жылдын ортосунда ири кирешеге ээ болот. Бул кирешени кыймылсыз мүлккө жумшоосун жылдыздар сунушташат. Ал эми жеке иш баштоонун азыр кереги жок. Жаңы тааныштар менен абайлап мамиле кылбаса ыштансыз калышат.

Булак: "lady.kg"

 

 

Последние новости