www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 112,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 пайызга көп.
Калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы — эмгек акысы болду. Тагыраагы, жалпы кирешенин 71 пайызын эл айлык катары алган.
Баса, өткөн айда Кыргызстанга мигранттар которгон акчанын көлөмү дагы өстү. Мисалы, июнь айында сыртта жүргөн мекендештер 277,9 миллион доллар жөнөткөн.
Булак: NazarNews.kg