www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорттун көлөмү бир гана Кыргызстандыкы – 22.1% өскөн. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
Комиссиянын берген маалыматына ылайык, экспорттун өсүшү баалуу металлдардын 43.3% экспорттолушу (жалпы экспорттун 73.2% ээлейт) менен байланыштуу. Минералдуу продукциялар боюнча көрсөткүч 20.5% төмөндөгөн, тамак-аш продукция жана айыл-чарба сырьёсу – 2.3%, машина, жабдык жана транспорт каражаттары – 15.3% кыскарган.
Армениянын үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорту 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 1.5% төмөндөгөн. Белорусияда көрсөткүч 24.9% кыскарган. Мунну себеби, химиялык продукциялардын 17% кыскарышы менен байланыштуу.
Андан сырткары, экспорт Казакстанда дагы 18.2%, минералдуу продукциялардын экспорту 23.6% кыскарышы менен төмөндөгөн. Россияда экспорт 23.1% төмөндөгөн. Минералдуу продукциялардын экспорту 36.4% төмөндөгөн.
Булак: NazarNews.kg