www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Кулжа айыл өкмөтү мамлекетке 2 миллион 750 сомдук зыян келтиргендиги аныкталды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2009-жылы кабыл алынган мыйзамсыз токтому менен Т.Абакир уулу атындагы стадионго тиешелүү жеринин 816 чарчы метр жер аянты О.Т. аттуу жаранга берилип кеткенин райондук прокуратура аныктаган.
Тергөө маалында белгилүү болгондой, жогорудагы социалдык багыттагы жер тилкенин базар баасы 2 млн 750 миң сомду түзөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштардын жаран жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдарын уюштуруу үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылган.
Мындан сырткары, айыл өкмөттүн жерди ажыратып берүү жөнүндөгү мыйзамсыз токтомун, анын негизиндеги мамлекеттик актыны жана соода-сатык келишимин жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыздар келтирилип, учурда соттук кароолордо.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg