www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү 2021-жылдын 8-январдагы жумушчу күнүнө которулат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Дем алыш күнүн которуу тууралуу тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.

Чечимге ылайык, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү – 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулат.

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнүн – 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которуу сунушталат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости