www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Eurasia Group» консалтинг ишканасы дүйнө жүзү алдыдагы 2021-жылы дуушар боло турган он коркунучтун рейтингин түздү.

Тизменин сап башында «бөлүнгөн Америка» турат. Бул АКШнын калкынын жарымына жакыны ар бир жаңы президентти легитимсиз деп эсептей турган абал.

Эксперттердин айтымында, мындай кырдаал АКШда Джо Байдендин бийликке келиши менен өнүгөт. Бул дүйнө жүзүндөгү геосаясий кырдаалга таасирин тийгизип, бул чөйрөдөгү рецессияга алып келет.

Экинчи сапта COVID-19 пандемиясы турат.

Вакцинациянын фонунда коомдун бай жана кедей болуп бөлүнүшү дагы күчөйт. Бул көптөгөн өлкөлөрдө жарандык толкундоолорго алып келет.

Мындан тышкары, пандемия жумуш орундарын кыскартуу, өкмөткө болгон ишенимди жоготуу, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү карыз кризистерине алып келет.

Ишкана үчүнчү маанилүү коркунуч - климаттын өзгөрүшүндөгү каршы күрөшүү деп эсептейт. Бул эл аралык атаандаштыкка алып келет.

«Eurasia Group» 2021-жылы күтүлгөн топ-10 коркунучту жарыялады:

- АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамиленин чыңалуусу;

- маалыматтарды эл аралык форматта өткөрүп берүүдөгү кыйынчылыктар;

- санарип мейкиндигинде глобалдык жаңжал чыгуу ыктымалдыгы;

- түрк экономикасынын саясий кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон көйгөйлөрү;

- жакынкы Чыгыштагы мунайзаттын баасынын төмөндүгүнө байланыштуу экономиканын рецессиясы;

- Ангела Меркелдин Германиянын канцлердик кызматынан кетиши.

Пандемияга жана кээ бир өлкөлөрдөгү шайлоолорго байланыштуу Латын Америкасындагы саясий жана социалдык кризис.

Эске салсак, буга чейин ДССУ уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус Улуу Британия, Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү аныкталганын билдирип, вирустун бардык өзгөрүүлөрүн жана алардын кесепеттерин жакшыраак түшүнүү үчүн дүйнө жүзүндөгү илимпоздор менен тыгыз кызматташып жатканын айткан болчу.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости