www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 35,3 миллиард сом сарпталат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Анын 19,9 миллиард сому тышкы карызга жана 15,4 миллиарды ички карызга сарпталат. 2020-жылга бекитилген бюджетте мамлекеттик карызды тейлөөгө 28,8 миллиард сом бөлүү каралган, анын 16,2 миллиард сому тышкы карызга жана 12,7 миллиард ички карызга.

Ошондой эле ушул жылдын октябрь айында мамлекеттик карызды төлөө үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 400 миллион  сомго жакын акча бөлүнгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости