www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Байденден утулуп калганын моюнга ала баштады

Демократ Джо Байден АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүүгө аз калды. Бул тууралуу президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен билдирди.

"Эгерде Байден менен Харрис жеңишке жетишсе, биз Улуттук Коопсуздук Кеңешинин ишин кесипкөйлүк менен өткөрүп берүүгө даярбыз" деди О'Брайен.

Буга чейин президенттик кызматынан оңой менен баш тарткысы келбеген жана АКШдагы шайлоого ишенбөөчүлүк көрсөткөн Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына президенттик шайлоодо жеңип чыкканын жарыялаган.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өттү. Колдо болгон далилдерге таянып, Американын алдыңкы маалымат каражаттары Демократиялык партиянын талапкери Байден жеңишке жетишти деп жазып чыгышты. Көптөгөн штаттардын жетекчилери аны жеңиши менен куттуктап жатышат. Ошол эле учурда Трамп шайлоо дагы эле бүтө электигин жана сотто жеңишин коргогусу келип жаткандыгын айтууда.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости