www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында 2022-2026-жылдарга аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрлер Кабинети тарабынан аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү, финансы ресурстарына жеткиликтүүлүк берүү, аялдарды бизнес жүргүзүү негиздерине окутуу, ишкер аялдардын санын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

Бекитилсин:

– 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа;

– Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;

– Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн индикаторлорунун матрицасы.

Министрлер кабинетинин тийиштүү чечими расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости