www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жылы Кыргызстанга он өлкөдөн жалпы суммасы 72,4 млн доллардан ашык суммага 2 миң 121 учуучу аппараттар импорттолгон. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын 12 айындагы өз ара жана тышкы соода боюнча бюллетенинде келтирилген.
Учуучу аппараттардын эң көбү — 2 миң 92си Кытайдан импорттолгон. Алардын баасы 62,4 миң долларды түзгөн. Калганы төмөнкү өлкөлөрдөн алып келинген:
• АКШдан жалпы баасы 38,3 млн доллардык 8 бирдик;
• Казакстандан 6 миң доллардык 8 бирдик;
• Франциядан жалпы баасы 18 млн доллардык 4 бирдик;
• Кореядан жалпы баасы 15,5 миң доллардык 4 бирдик;
• Бразилиядан баасы 15,5 доллардык 1 бирдик;
• Сингапурдан баасы 7,7 миң долларды түзгөн 1 учак;
• Турциядан баасы 12,5 миң долларды тузгөн 1 учак;
• Украинадан — баасы 225 миң долларды түзгөн 1 бирдик;
• Чехиядан баасы 206,3 миң долларды түзгөн 1 бирдик.
Белгилей кетсек, статистикалык бюллетенде товарлардын кайдан, кандай көлөмдө жана кандай суммага сатылып алынганы же сатылгандыгы тууралуу маалыматтар гана камтылган. Ким жана кандай максатта сатып алганы тууралуу маалымат жок.
2021-жылы Кыргызстанга аба транспортунун 36 гана бирдиги сатылып алынган. Алардын жалпы баасы 61,2 млн долларды түзгөн.
Булак: NazarNews.kg