www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылы 10 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Быйыл социалдык контракт боюнча 10 миң үй-бүлө акчалай жардам алат. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда өткөн республикалык жыйында белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, өткөн жылы «Үй-бүлөгө көмөк» долбоорунун алкагында 2800 үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон колдоо алган. Бул акчаны алар кол өнөрчүлүктү өздөштүрүү жана өздөрүнүн чакан бизнесин ачуу боюнча курстарга төлөшкөн.

Кошумчалай кетсек, Социалдык контракт – бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим, ага ылайык үй-бүлөлөр комплекстүү колдоо пакети менен бирге киреше алып келүүчү иш-аракеттерди баштоо үчүн акчалай грант алышат. Ал каржылык сабаттуулукту үйрөтүүнү, бизнес-планга жардам берүүнү, кесиптик же айыл чарбалык билим берүүнү, социалдык кызматтарды жана узак мөөнөттүү жашоо бизнесин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн насаатчылыкты камтыйт.

Бул долбоор улуттук жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган үй чарбаларына бизнес идеялары, башталгыч активдери жана мал чарбачылыгы, сүт сатуу, тигүү кызматтары, күнөскана жана башка демилгелер сыяктуу негизги билимдерге багытталган.

Долбоор 2022-жылдын февраль айында Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Нарын облусунун Жумгал райондорунда пилоттук режимде башталган. Андан кийин республиканын бардык аймактарын камтый баштады. Өткөн жылы 2800 үй-бүлө менен “социалдык келишимдерди” түзүүгө бюджеттен 292 миллион сом бөлүнсө, анын 35 миллион сому Бишкек шаары үчүн каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости