www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алп таланты менен вулкандай атырылып чыккан «самый ходжа» Самыйкожо азыркы  учурда парламенттин эрке баласы деле болгон  жок. Анткени ал сынга толгон замбирегин дүрмөттөп алып, тиешелүүлөргө гана эмес, кыргыз Корифейлерине да багыттап жиберүүчү. Сынды эле ким сүйүп атсын, ошондуктан анын «демократиялык жүрөгүнүн» согуп турганын билишсе да, бийлик элитасы өз «акырларына» чакырышкан жок. Туура кылышты, арийне, чакырышса да «самый ходжа» Самыйкожо жолоп коймок эмес. Партиялык система менен «кашык каны калгыча» салгылашууну көздөгөн «самый ходжа» Самыйкожо өз муратына жетти. Түштүктүк акеси Жээнбековду жакасынан сүйрөп тактан түшүрдү да, камакта жатканда эң калыс көрүнгөн Жапаровду бийликке алып келди. Элге карап мылжыйып, аркасын көрсөткөн ал алгач калыстыктын принциби менен бара жатты. Ошондуктан кыргыздын «мээлери» аны колдоп кетишти. Бийлик «жеңесинин» колуна өткөн соң, анын алдында «куурчак» болбой «самый ходжа» Самыйкожо четтей баштады. Муну «самый ходжа» Самыйкожо эркелетип жараткан маалыматтар лып түшүндү да бийликке туш-тараптан сокку ура баштады. Нарындын тың жигити «самый ходжа» Самыйкожону депутаттан таптакыр четтетүүгө УКМКнын жүрөгү дааган жок. Бирок «самый ходжа» Самыйкожого далысын салып турганы чындык.

«Самый ходжа» Самыйкожого эмне, бийликтин алдына чөгөлөп барса Жапаров акесинен деле мансап алмак.  Анын жүрөгү кошоматчылык үчүн жаралган эмес. Анын жүрөгү элдин талабын аткарыш керек эле. Бекер жерден Кочкор шайлоо округунан кыраандарды артка таштап келген эместир. Лекин, паракор Кулбараков Раиса жеңесине пара берип атып, алтынчы чакырылыштагы парламентте алдыга атырылып чыккан. Кулбараков ким эле, Жээнбеков президент болоордо шайлоо компаниясын кошоматчы Кулбараков Туу көтөрүп турган Жумгалдан өз ишин баштаган. Ага делөөрсүп алган Кулбараков Атамбаевди чанып Жээнбеков берген орден үчүн желип Жээнбековдун айтканын эки кылбай аткарып турган. Бирок «самый ходжа» Самыйкожо депутаттыка аттанганда кошо аттанып жүдөп жетпей калды. Ошондуктан Кулбараковду «самый ходжа» Самыйкожого «признать» эткен жок да, ага мыйыгынан күлүп койду. «Самый ходжа» Самыйкожо «М» жакка баратса кагаз ала чуркаган байлыктан «кол баласы» Кулбараков Атамбаев-Жээнбеков заманында канча даражага жетти? Тээ илгерки заманда Куйручук деген болгон ошол бала көрбөй жүргөн Кулбаракка бата берет. Батадан улам Кулбарак уулдуу болуп атын өзгөртүп башка улуттун атын «Ильгиз» койот, ошондон тараган Автандил эл дегенде каткан, тапкандарын ката койот, бийлик дегенде эмне берерин билбенй калат.

Ал эми Дамира Ниязалиевага чыйт түкүрүп да койгон жок, анткени анын депутатка талапкердиги оонап, уча албай калды. «Самый ходжа» Самыйкожо Ормон хандын мекени болгон Кочкорду да ыйлатып кеткен, аларга да жеңүүнүн эталону болуп берди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости