www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер органдары тарабынан 2023-жылдын 12 айында каржы пирамида фактылары менен жалпысынан 358 кылмыш иши тергелген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 217 кылмыш иштин тергөөсү аяктап соттук кароого жиберилип, 98 кылмыш иш боюнча учурда тергөө иштери улантылып келет.

Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында, калган бөлүктөрү Чүй, Баткен жана Талас облустарына катталган.

Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 мил сомдон ашкан. Ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.

"Ошондуктан акчаңызды мындай уюмдарга салаардан мурун, кырдаалды кылдаттык менен баалаңыз. Суроо берүүдөн жана документтерди талап кылуудан коркуунун же тартынуунун кереги жок. Жана эсиңизде болсун: чоң суммадагы кирешелер чоң тобокелдиктерсиз болбойт!", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, каржы пирамида – каржы алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашырып иш алып барышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости