www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газа тилкесиндеги ооруканаларда акыркы 24 саатта кеминде тогуз бала ачкачылыктан каза болду. Бул тууралуу "Аль-Жазира" телеканалы Палестина бийлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Телеканалдын маалыматы боюнча, анклавдын түндүгүндөгү Камал Адван ооруканасында акыркы 24 саатта жети бала тамактанбай каза болгон. Ооруканада электр генераторлору үчүн күйүүчү май түгөнүп калгандыктан, дагы бир нечесинин абалы оор, аларды кароо кыйын.

Анклавдын саламаттыкты сактоо министрлиги Газа шаарындагы Аль-Шифа ооруканасында дагы эки бала суусуздануу жана тамак-аштын жетишсиздигинен каза болгонун билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, 570 миңден ашуун адам (Газанын калкынын төрттөн бири) “ачкалыктан бир кадам алыс” жана анклавдын түндүгүндө эки жашка чейинки ар бир алты баланын бири бул оорудан жапа чегет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости