www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азамат Исраилов ЖКККББ башчылыгынан бошотулду

Кыргызстандын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу агенттиктин ишенимдүү маалымат булактары билдирди.

Ведомство башчысы арызды өз ыктыяры менен жазганы айтылууда.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарды тастыктап, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду, техникалык бөлүмдүн башчысын жана автомектептин директорун кармаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул адамдар коррупциялык сехма уюштуруп, автоунаага газ баллондук жабдуу орнотууга уруксат бергени үчүн акча алып турушкан. Соттун чечими менен Кубатбеков учурда үй камагында болсо, калган айыпталуучулар тергөө абагында кармалып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости