www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл эл кымбатчылыктын азабын жакшы эле тартып жатат. Баары текши кымбаттап, баалар эки-үч эсеге дейре өстү. Өзгөчө, бензиндин баасы менен азык-түлүккө болгон баа асманга чыгып, элдин жонунан кайыш тилген кырдаал жаралды. 

Мына ушундай оор абалга карабай бийлик Улуттук статистика комитети 2023-жылдын январында ички дүң өнүмдүн өсүү темпи 4,8% түзгөнүн билдирди. Ал эми январь-апрелде 4,4%, январь-июлда 3,9%, январь-августта 3,3% көрсөткүч менен чыкты.

Өткөн аптада Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанда алтын өндүрүү жайлаганына жана аба ырайы айыл чарбасына терс таасирин тийгизгенине байланыштуу экономиканын темпи жайлап, 2023-жылдын жыйынтыгында 3,8% өсүү менен чыгат деп эсептеген.

Айтмакчы, өткөн жуманын этегинде Министрлер кабинети  "2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндөгү" мыйзамдын долбоорун карашып, Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө ички дүң өнүм 2024-жылы 1 триллион 464 миллиард сомду түзүп, бюджеттин профицити 20 миллиард сомго чыгаарын божомолдоп жатканын айтты. 

Бул тууралуу: “Биз орто мөөнөттүү бюджеттин профицитин болжоп жатабыз. Орто мөөнөттүү мезгилге бул профициттин негизги себептери болуп бюджеттин өздүк кирешелеринин көбөйүшү, 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бюджеттик колдоонун алкагында берилүүчү насыялар жана гранттарга байланыштуу суммалар жок. Биз өзүбүздүн булактарга таянабыз”, - деп билдирген. 

АӨБ мурдагы болжолунда Кыргызстанда ички дүң өнүмдүн темпи 4,5% болот деп билдирген. Жаңы баяндамада финансылык уюм кыргыз экономикасы 2024-жылы 4% жогорулайт деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости