www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венецияда автобустун эстакададан кулап кетишинен кеминде 21 адам каза болуп, 12 киши жаракат алды. Бул тууралуу ANSA маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Венециянын тарыхый борборун автомобиль жана темир жол көпүрөлөрү бириктирген Местре районунда жүргүнчү ташыган автобус 10 метрлик бийиктиктен кулап түшкөн.

Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Венециянын мэри Луиджи Бруньяро "чоң трагедия" болгонун айтты.

"Окуя болгон жерде он тогуз адам, ооруканада эки, жалпы 21 киши каза болду. Жабырлануучулардын айрымдары жакшы, кээ бирлеринин абалы оор", - деп айтылат маалыматта.

Венеция мэринин айтымында, каза болгондордун арасында төрт жаш бала бар.

Италиялык маалымат каражаттарынын маалыматында, автобустагы жүргүнчүлөрдүн арасында немис жана украин жарандары болгон.

Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:45 чамасында болгон, анын себеби азырынча белгисиз. Транспорт министри Маттео Салвини кырсык айдоочунун капыстан өзүн жаман сезгенинен болушу мүмкүн деп божомолдрнууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости