www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунда энеси сатып жиберген балдарды багып алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Учурда балдар багып алган ата-энесинин жанында.

"Балдар расмий түрдө багып алынды. Учурда алар багып алган ата-энелеринин жанында. 2023-жылы төрөлгөн кичүү кызынан энеси төрөт үйүнөн эле баш тарткан. Анын 2020-жылкы төртүнчү баласы дагы бар. Ал чоң энеси менен жашап жатат", — деди ведомстводон.

Министрлик багып алуу сыр болгондуктан башка маалымат берген жок.

Эске сала кетсек, Сокулук районунда аял өзүнүн балдарын сатып салганы аныкталган. Чүй облустук ИИББдин маалыматына караганда, эркек киши мурдагы аялына чара көрүүнү суранып милицияга кайрылган. Ал аялы балдарын көрсөтпөй жүргөнүн айткан. Кийин аял эки кызы менен бир уулун сатып салганы аныкталган. Шектүү камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости