www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 2025-2026-жылдарды өзбек-малайзиялык өнөктөштүктү инновациялык өнүктүрүү доору деп жарыялоону макулдашты. Бул тууралуу Пердана Путра өкмөттүк комплексинде эки лидердин сүйлөшүүлөрү учурунда айтылды, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Жогоку деңгээлдеги жолугушууда экономикалык кызматташтыктын жаңы моделинин артыкчылыктуу багыттары, атап айтканда, мунайзат жана химия, электроника, жарым өткөргүч жана инновациялык өнөрлары жай, акылдуу айыл чарба, жашыл энергетика, зыярат туризми жана башка тармактар белгиленди.

Кооперациялык долбоорлорду колдоо максатында Ташкент облусунда малайзиялык компаниянын жетекчилиги астында атайын экономикалык аймак түзүлүүдө.

Мамлекет башчылары маданий-гуманитардык алмашууну мындан ары да жигердүү өнүкүрүнгө өзгөчө көңүл бурушту. Быйыл Өзбекстан менен Малайзияда өз ара маданий жумалыктар өткөрүлөт.

Ошондой эле лидерлер аймактык кызматташтыктын орчундуу маселелерин талкуулашты. Терроризм, радикализм жана исламофобия менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүк багытында эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюлуп, макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн жол картасын даярдоо чечими кабыл алынды.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын аягына карата Өзбекстан менен Малайзиянын ортосундагы товар жүгүртүү 102,4 миллион долларды түзүп, анын ичинен экспорт дээрлик 6 миллион долларды, ал эми импорт 96,4 миллион долларды түздү. Учурда Өзбекстанда Малайзиянын капиталы менен 37 кошмо ишкана каттоого алынган.

Последние новости