www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө кызматы Өндүрүштөгү кырсыктардын кесепетинен 161 адам жабыркап, алардын 94ү оор жаракат алган, ал эми 63 адам каза болгонун билдирди.
Ошондой эле, салынган айып пулдардын жалпы суммасы 8 млн 838 миң сомду түзүп, анын 6 млн 936 миң сому өндүрүлгөн.
Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө төлөнгөн компенсациялардын көлөмү 111 млн сомго жеткен. Ошондой эле кызматкерлерге эсептелген эмгек акынын жалпы суммасы 14 млн 726 миң сом болгон.
Бул көрсөткүчтөр эмгек коопсуздугун күчөтүү, иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу жана алдын алуу иштерин натыйжалуураак жүргүзүү зарылдыгын айкын көрсөтүп турат.
Булак: NazarNews