www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө врач, медсестра жана санитарларды кошкондо 23 миңден ашуун медициналык кызматкер жетишпей турганын айтты.
Байсалов учурдагы абал Африкадагы кээ бир өлкөлөрдөн айырмаланып, квалификациялуу кадрлар бар экенин, маселени чечүүгө болот деп белгиледи. Ал жыл ичинде врачтардын айлыгы 50-60 миң сомго чейин көтөрүлө турганын, ал эми тоолуу аймактарда андан да көп болорун айтты. Бирок ал жалаң акча эле маселени чечпей турганын кошумчалады. Негизги көйгөй айылдарда жана райондордо комфорттуу турак жайлар жок. Жаш адистер үй-жайсыз калуудан коркушат.
Булак: NazarNews