www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Профсоюз көчөсүнүн улантылышына байланыштуу көрүстөндү көчүрүү маселеси боюнча тургундар менен жолукту. 

Негизги максат – Бишкек - Кара-Балта жолундагы тыгынды азайтууга багытталган. Мэрдин айтымында, долбоор эки вариантта жазылган. Биринчисинде жол көрүстөндү кесип өтсө, экинчисинде аны айланып өтөт.

- Шаар өнүгүшү керек. Бир жерде тура берген болбойт. Тирүүлөрдү дагы ойлойлу. Мисалы, калаанын өнүгүшү үчүн Ош менен Балыкчы шаарларында көрүстөндөрдү көчүрүшкөн. Шаар өнүгүп, элдин саны өсүүдө. Мөөнөт жана мыйзамдар (көрүстөндү которуу боюнча) бар, аларды сакташыбыз керек, - деди борбор шаардын башчысы.

Мэр көрүстөндү көчүрүү маселеси жергиликтүү тургундардын талаптарын эске алуу менен чечилерин, кийинчерээк эл менен дагы бир жолугушуу болорун айтты. Ошол эле учурда Жунушалиев бул маселеде чагымчылыктарга жол берилбеши керектигин баса белгиледи.

Булак: NazarNews

Последние новости