www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ал Мумбай шаарынан чыккан мугалим, сүрөтчү жана коомдук активист. Расмий мектеп системасынан тышкаркы билим берүү аркылуу эң аяр катмардагы балдарды окутуп, алардын жашоосуна реалдуу өзгөрүү алып келгени үчүн ал дүйнөлүк деңгээлде таанылган.

Рубл Наги билим берүүнү искусство, сүрөт жана коомдук мейкиндик менен айкалыштыра алган өзгөчө мугалим. Ал негиздеген Rouble Nagi Art Foundation уюму аркылуу Индиянын ар кайсы аймактарында, айрыкча жакыр кварталдарда, 800дөн ашуун окуу борбору түзүлгөн.

Анын эң инновациялык демилгелеринин бири — “Үйрөнүү үчүн жандуу дубалдар” (Living Walls of Learning). Бул үйлөрдүн жана көчөлөрдүн дубалдарына тартылган чоң, түстүү сүрөттөр аркылуу билим берүү ыкмасы. Ал сүрөттөрдүн жардамы менен балдар окуу-жазууну, математика негиздерин, илимди, тарыхты, гигиенаны жана экологияны үйрөнүшөт. Бул ыкма мектепке барбаган же окуусун таштап кеткен балдарды да билимге тартууга шарт түзгөн.

Анын иши 24 жыл мурда болгону 30 бала менен башталган. Бүгүнкү күндө болсо анын демилгелери аркылуу 1 миллиондон ашуун бала билим алууга мүмкүнчүлүк алды.

Рубл Нагинин иши билим берүүдөгү теңсиздик, жакырчылык, инфраструктуранын жетишсиздиги, мектепке жетпей калуу сыяктуу олуттуу маселелерге практикалык жана чыгармачыл чечим сунуштайт. Ал балдарга “билимге баргыла” дебестен, билимди алардын өз жашоо чөйрөсүнө алып барган мугалим.

Global Teacher Prize сыйлыгы 1 миллион АКШ долларын түзөт. Бул каражаттын эсебинен Рубл Наги мугалимдерди даярдоочу борбор ачып, жаштар үчүн кесиптик жана санариптик сабаттуулук программаларын кеңейтүүнү пландап жатат.

Автор, Duishon Shamatov

Последние новости