www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов гемодиализ алган жарандарды тейлөөнү мамлекетке кайтаруу ниетин билдирди.
- Бизге гемодиализдин сапаты начар деген маалыматтар келип жатат. Колдонулган жабдуулар да Кытайдан арзан алынып келинип, иштетилип жатат деп жатышат. Ошол үчүн гемодиализди мамлекетке эле алсакпы деген ойлор бар, - деди Досмамбетов.
Министрдин берген маалыматына караганда, учурда өлкөдө өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган 4500дөй бейтап гемодиализ алат. Аларга негизинен жеке медициналык мекемелер аутсорсинг системасынын негизинде кызмат көрсөтөт.
Мамлекет бейтаптын ар бир сеансы үчүн 6500 сомдон төлөйт жана жылына бул дартка чалдыккандар үчүн 4 миллиард сом бөлүнөт.