www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган «Социалдык контракт» программасы уланууда. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча 7 042 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, программанын негизги багыты — жарандарга өз ишин баштоого жардам берүү, туруктуу киреше булагын түзүү жана жашоо шартын жакшыртуу.

Долбоордун көпчүлүк бөлүгү айыл чарба тармагына багытталган.

Программа 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен ишке киргизилген. Алгач мамлекеттик колдоонун көлөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тарта бул сумма 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Министрликтин маалыматы боюнча, программанын алгачкы катышуучуларынын арасынан 15 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан.

Катышуучулардын басымдуу бөлүгүн айыл жеринде жашаган аялдар түзөт.

2026-жылы «Социалдык контракт» программасына 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө катыша алат.

Ар бир катышуучуга бизнес-долбоорун ишке ашыруу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз мамлекеттик жардам берилет.

Мындан тышкары, долбоордун катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасы да ишке ашууда. 2026-жылдын башынан бери 150 адам жеңилдетилген насыя алып, өз ишин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алган.

«Социалдык контракт» программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда. Каалоочулар жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.

Последние новости