www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын Улуттук жыйыны көп жылдык талкуулардан кийин ыктыярдуу түрдө бул жашоо менен кош айтышууга жардам берүү (эвтаназияга)  жөнүндө мыйзамды жактырды. Мыйзамда мындай жардамды алуу тартиби катуу шарттар менен жөнгө салынган.

Мыйзам долбоорун парламенттин төмөнкү палатасында 291 депутат колдоп, 241 депутат каршы добуш берди. Буга чейин мыйзамды парламенттин жогорку палатасы — Сенат үч жолу четке каккан.

Премьер-министр Себастьен Лекорню мыйзамдын айрым беренелерин Франциянын Конституциялык кеңешинин кароосуна жөнөтөт. Кеңеш жактыргандан кийин гана мыйзам күчүнө кирет.

Мыйзамга ылайык, оор жана айыккыс дарттын акыркы стадиясында болуп, туруктуу жана чыдагыс физикалык же психологиялык азап тарткан, жашы жеткен Франциянын жарандары эвтаназияга уруксат сурай алышат.

Бейтап өмүрүн өз ыктыяры менен токтотуу ниетин дарыгерлерге билдирүүгө тийиш. Дарыгерлер керектүү консультацияларды өткөргөндөн кийин 15 күндүн ичинде чечим кабыл алышат.

Андан соң бейтапка дагы эки күн ойлонууга убакыт берилет. Эгер чечими өзгөрбөсө, ал өзү өлүмгө алып келе турган ийнени сайышы керек. Эгер ден соолугу буга мүмкүнчүлүк бербесе, анда ийнени дарыгер же медайым сайып берет.

Процедура жүргүзүлө турган күнү бейтаптын акыркы чечимин анын дарылоочу дарыгери ырастоого милдеттүү.

Последние новости