www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылы Кыргызстанда 10го жакын сериал тартуу пландалып жатканын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө сериалдарды тартуу 2024-жылдан бери жүргүзүлүп келет. 2025-жылы алтыга жакын сериал тартылган. Алардын өндүрүшүнө бөлүнгөн каражат сериалдын серияларынын санына, костюмдарына жана декорацияларына жараша аныкталат. Мисалы, «Дарыгер» сериалына болжол менен 30 миллион сом жумшалган.
Сериалдар негизинен кыргыз тилинде тартылып, орус тилиндеги субтитрлер менен көрсөтүлөт.
Министр ошондой эле телеспектаклдарды тартуу иши кайра жанданганын айтты. Анын айтымында, быйыл 5–7 телеспектакль тартуу мерчемделүүдө. Максат — Бишкек менен Ош шаарларынан тышкары жашаган көрүүчүлөргө да мындай чыгармаларды телеэкран аркылуу жеткирүү. Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн да телеспектаклдар тартылат, бирок бул иш Куурчак театры оңдолгондон кийин башталат.
Бир телеспектаклды тартууга 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин каражат каралган.
Бүгүн Мирбек Мамбеталиев Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына барып, өткөн жылы театрды оңдоого 78 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. Бул каражатка гримдөөчү бөлмөлөр, душ бөлмөлөрү жана башка жайлар оңдолгон.